Кыргызстан январь айында алтындын эсебинен экспортту көбөйттү

14.03.2024, 13:41 Акчабар
Кыргызстан январь айында алтындын эсебинен экспортту көбөйттү

Быйыл январь айында Кыргызстандын товар экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46,6%га өскөн. Муну Улуттук статистикалык комитеттин тышкы соода боюнча маалыматы тастыктайт. 

Алсак, 2024-жылдын январында республикадан 181,3 млн долларлык продукция экспорттолгон. Экспорттун өсүшү негизинен алтынды Кытайга жана Швейцарияга сатуунун эсебинен камсыздалган. 2024-жылдын январында Кыргызстан жалпысынан 1 тонна 143 килограмм алтынды 74,8 млн долларга сатты. 
 
2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла өскөн алдыңкы үч продукцияга мунай продуктулары (58,4%дан 10,3 млн долларга чейин) да кирет. Бул товар негизинен Түркияга сатылган (6,1 млн долларга көбөйгөн). Ошондой эле, 10 же андан көп адамды ташууга арналган унаалар Орусияга 2,4 млн долларга жөнөтүлгөн (2023-жылдын январында жеткирилген эмес). 

 

Тэги: экономика новости Кыргызстана золото Кыргызстана объем экспорта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу