Ушул жылы Кыргызстан Корея Республикасынын артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн тизмесине киргизилген. Бул тууралуу Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Хек Санг Сон Кыргыз Республикасынын элчиси Динара Кемелова менен жолугушуу учурунда билдиргенин Кореядагы элчиликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакынкы жылдардагы долбоорлордун жүрүшү жана кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Ошондой эле, COVID-19 пандемиясынын фонунда саламаттыкты сактоо долбоорлорун жайылтуунун, маалыматтык технологиялардын, билим берүү жана адистерди даярдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.