Кыргызстан социалдык прогресс боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде 89-орунду ээледи

11.05.2021, 11:05 Акчабар
Кыргызстан социалдык прогресс боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде 89-орунду ээледи

Социалдык прогресс боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан 163 мамлекеттин ичинен 89-орунду ээледи. Өлкөнүн индекси 100дүн ичинен 68,65 болду. Бул боюнча Socialprogress билдирди. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан Орусия, Казакстан, Армения, Беларуссияга жол бошотту. Ошол эле учурда Кыргызстандын көрсөткүчтөрү Өзбекстандыкынан жогору болду.

Рейтингде тамактануу, дары-дармекке, сууга жетүү, жеке коопсуздук, негизги билимге жеткиликтүүлүк, саламаттыкты сактоо деңгээли, экологиялык туруктуулук, жеке укуктар, жеке эркиндик жана тандоо, жогорку билим алуу көрсөткүчтөрү эске алынган. 

Тэги: рейтинг страны индекс стран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу