Министрлер кабинети таш жана казылган көмүрдү экспорттоого убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды.
Алты айлык чектөө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү пункттарына тиешеси жок.
Улуттук статистикалык комитеттин тышкы соода боюнча маалыматына ылайык, январь-август айларында Кыргызстандан Кытайга 1 миллион 784,2 миң долларга көмүрдүн ар кандай түрлөрү экспорттолгон.