АКШ кыргызстандыктарга виза берүүдө чектөө киргизиши мүмкүн

22.01.2020, 15:10 Акчабар
АКШ кыргызстандыктарга виза берүүдө чектөө киргизиши мүмкүн

АКШ президенти Дональд Трамп жети өлкөгө виза берүү боюнча чектөө киргизүүнү пландап жаткандыгы кабарланды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган маселени учурда тактап жатат. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты. 

«Министрлик учурда бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Маселенин чоо-жайын тактайбыз», - деди ал.

Белгилей кетсек, The Wall Street Journal гезити анонимдүү булактарга таянып АКШ бийлиги жети өлкөгө виза берүү боюнча чектөө киргизүүнү пландап жактандыгын билдирген.

Басылманын маалыматына таянсак, январь айынын аягына чейин АКШ бийлиги Беларусь, Эритрея, Кыргызстан, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания өлкөлөрүнүн жарандарына виза берүүдө чектөө киргизүүсү мүмкүн.

 

 

Тэги: миграция виза США МИД

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу