Май айында Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу 174 миллион доллар түшкөн, бул бир ай мурдагыдан 11,5% же 18 миллион долларга көп.
Трансферттердин өсүшү КМШ өлкөлөрүнөн 12,4%га, ошондой эле алыскы чет өлкөлөрдөн 1,6%га байкалган. Бирок, дээрлик бардык өсүш Орусиядан түшкөн каражаттын 18,8 миллион долларга көбөйүшүнө байланыштуу болгон.
Ушул жылдын беш айында эле Кыргызстанга 798 миллион доллар которулганын кошумчалайбыз, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,6%га жогору. Анда өлкөгө 1 миллиард доллардан ашык акча жөнөтүлгөн.