Кыргызстандыктар 120 миң доллар алып чыгууга аракет кылышкан

20.10.2022, 16:28 Акчабар
Кыргызстандыктар 120 миң доллар алып чыгууга аракет кылышкан

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары чек арадан мыйзамсыз чет элдик валютаны алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

“Достук-автодорожный” өткөрүү пунктунан Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй Кыргыз Республикасынын эки жараны бара жаткан.

Чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда алардын сумкасынан 120 миң доллар табылган.

Кийинчерээк саат 18:30да чек ара кезмети Өзбекстандан Кыргызстанга 18 миң доллар өлчөмүндөгү чет элдик валютаны алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жаранын кармашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин эки учурда тең кармалган жарандар жана каражаттар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Тэги: экономика доллары США новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу