Түштүк Кореяда иштеген жарандар өлкөнүн Улуттук пенсиялык кызматынан бир жолку төлөмдөрдү ала башташты. Бул эки өлкөнүн ортосундагы пенсиялык төгүмдөрдү кайтарууну караган келишимдин аркасында мүмкүн болду. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Кореяда иштеп жүргөн 87 кыргызстандык пенсиялык топтоо алуу укугун расмий тастыктады. Алардын 78и төлөмдөрүн алып бүтсө, 9 адам чечимди күтүп жатышат.
Орточо төлөмдүн суммасы болжол менен 4,2 миң долларды түздү.