Кыргызстандыктар акчасын банктарга көбүрөөк ишене башташты

24.10.2022, 10:26 Акчабар
Кыргызстандыктар акчасын банктарга көбүрөөк ишене башташты

Былтыр коммерциялык банктардын депозиттик базасынын жалпы көлөмү 34,3%га өсүп, 242,9 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Мында жеке адамдардын депозиттери 16,7%га, юридикалык жактардын депозиттери 58,6%га өскөн.

“Ошол эле мезгилде 2022-жылдын январынан 1-сентябрына чейин көлөм 286,4 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 15,4%га өстү”, - деди Аида Карабаева.

Муну менен жарандар аманаттарын банктардагы депозиттерге сактай баштады.

“Эл банктарга көбүрөөк ишене баштады, бул каржы-кредиттик уюмдардын туруктуулугуна байланыштуу”, - деп кошумчалады Депозиттерди коргоо агенттигинин коомчулук менен байланыш жана маалымдоо бөлүмүнүн менеджери Аида Айтыкеева.

Тэги: новости Кыргызстана банки деньги депозиты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу