Кыргызстанда 120 насостук станция бар

12.03.2024, 14:40 Акчабар
Кыргызстанда 120 насостук станция бар

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ирригациялык тармагын сугат мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Суу чарба кызматынын маалыматында, өлкөдө млн гектардан ашык сугат жери бар. Ал эми 50 миң гектардан ашык жер насостук станциялар аркылуу суу менен камсыз кылынат.

Жалпысынан республика боюнча 120 насостук станция бар, аларда 365 насостук агрегат орнотулган.

“Быйыл 363 насостук агрегатты оңдоо жана 26 насостук агрегатты жаңылоо пландаштырылууда. Учурда 15 насостук станцияны оңдоо жана 2 насостук агрегатты алмаштыруу иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.  

Эске салсак, 2023-жылы 365 насостук агрегат оңдолуп, 26 насостук агрегат алмаштырылган.

Тэги: насостук станция айдоо жери айыл чарба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу