Быйыл биринчи кварталда Кыргызстанда 17,8 млрд сомго тамак-аш азыктары өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин коллегиялык отурумунда белгиленди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тамак-аш азыктары 3,7 млрд сомго көп өндүрүлгөн.
2024-жылдын январь-февраль айларында айыл чарба азыктарынын импорту 12 млрд 143 млн сомду түзгөн. Ошол эле учурда, 4 млрд 377 млн сомго айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын продукциясы экспорттолгон. 2024-жылдын январь-февраль айларында айыл чарба азыктарынын экспорту республиканын экспортунун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 15,9%ды түзгөн.