Кыргызстанда 63 млн долларга 6 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин экспортту өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу координациялык бөлүмүнүн жетекчиси Толкунай Таалайбекова билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда бул боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле 190 млн сомго 11 долбоорду ишке ашыруу күтүлүп жатат
"Биз кошумча 1 миң 350 жумуш орду түзүлөт деп күтүп жатабыз", - дейт
Ошондой эле ал Түштүк Корея, АКШ жана Евробиримдиктин өлкөлөрүндө бир нече инвестициялык роуд-шоу өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.