Perspective окуу борборунун негиздөөчүсү менен Cybetek коддоо окутуу борборунун башкы жетекчиси Эсен Ниязов Борбор Азиядагы алгачкы IT-Hub ачууну пландашууда. Бул тууралуу алар Facebook баракчасынан кабарлашты.
Нурсултан Кубановдун айтымында, кыргызстандыктар америкалык Cybetek методикасы аркылуу дүйнө стандарттарына жооп берген сапаттуу IT билимин ала алышат. Окутуу англис тилинде гана жүргүзүлөт. Курстар аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр дүйнөлүк ишканаларга жумушка кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
«Эсен 10 жылдан бери Америкада жашап, 300дөн ашуун кыргызстандыкты программалоого үйрөтөт. Алты айлык окуудан кийин дээрлик баардык бүтүрүүчүлөр айлык акысы жылына 90-140 миң долларга жеткен жумуштарга орношот»,-дейт Нурсултан Кубанов.
Долбоор АКШнын Чикаго шаарында ийгиликтүү ишке ашып келет.
«Биз IT-Hub ачуу үчүн абдан чоң инвестицияларды тарттык. Ал өлкөбүздүн ажайып жайына дагы айлана алат. Мындайлар Борбор Азияда жок, ошондуктан ал эң алгачкы хаб болот деп ишенүү менен айта алабыз. Мен жаштарды акча тапканы башка өлкөлөргө кетпөөгө чакырып, бизде өнүгүүнүн альтернативдуу жолу бар экендигин көрсөткүм келет»-деп айтылат маалыматта.