Кыргызстанда бир нече министрге сөгүш берилди

25.04.2024, 12:35 Акчабар
Кыргызстанда бир нече министрге сөгүш берилди

Кыргызстанда бир катар министрлер тартиптик жаза алды.

Президенттик администрациянын коллегиясында Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева жана биринчи орун басары Жумамүдүн Жумалиевге, Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевге сөгүш берилди.

Ал эми Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов, президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев эскертүү алды.

Мындан тышкары, бир катар район башчыларын кызматтан бошотуу сунушу президентке берилери кабарланды.

Тэги: сөгүш министрлер коллегия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу