Кыргызстанда гидроэнергетикадагы потенциалдын 10% гана колдонулат

10.02.2022, 14:38 Акчабар
Кыргызстанда гидроэнергетикадагы потенциалдын 10% гана колдонулат

Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча жогорку потенциалга ээ. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана аны чечүү жолдору” улуттук форумунун жүрүшүндө билдирди.

Ал белгилегендей, президент Глазгодогу Климатты өзгөртүү боюнча саммитте 2050-жылга көмүртек нейтралдуулугуна жетишүү милдетин белгилеген, ал эми көмүртексиз саясаттын локомотиви болуп энергиянын кайра жаралуучу булактары саналат. 

“Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча жогорку потенциалга ээ, алардын негизги түрлөрү гидроэнергия, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Гидроэнергетикадагы потенциалдын 10% гана колдонулат. Ошондой эле биздин өлкөнүн аймагы күндөн жылына орточо 4,64 млрд МВт саат нур энергиясын, же 1 чарчы метрге 23,4 кВт саат нур энергиясын алат. Аймактагы күн нурунун орточо жылдык узактыгы болжол менен 2100-2900 саатка чейин өзгөрөт. Бул потенциал бизде дээрлик пайдаланылбайт. Шамал энергетикасын өнүктүрүү үчүн белгилүү мүмкүнчүлүктөр бар, өзгөчө, алыскы райондордо энергетикалык активдүү шамалдын узактыгы 5-7 миң саатты түзгөн шамалдын агымынын салыштырма энергиясы 1 чарчы метрге 2000 кВт саатка чейин жетет. 

Жылуулук же атомдук электр станциялар түрүндөгү альтернативалык булактарга салыштырмалуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү айлана-чөйрөгө бир топ азыраак зыян келтирет. Бул парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтат, абаны жана мөңгүлөрдү булгабайт жана айлана-чөйрө үчүн узак мөөнөттүү кесепеттерди жаратпайт. Бул өлкөнүн соода жана төлөм балансын жакшыртат, анткени сырттан көмүр жана газ импорттоо төмөндөйт», - деди Жапаров. 

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, өнүктүрүү боюнча донорлор, бизнес түзүмдөрдүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып жаткан улуттук форумдун негизги максаты – бирдиктүү чечим аркылуу кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын куруу боюнча инвестициялык долбоорлорго түрткү берүү.

Анын айтымында, министрлер кабинети тиешелүү долбоорлорду илгерилетүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу үчүн зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр.

Тэги: Гидроэнергия күн жана шамал

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу