Кыргызстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык абал оорлошууда

01.11.2023, 12:10 Акчабар
Кыргызстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык абал оорлошууда

Кыргызстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык абал оорлошууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте эки менчик бала бакча жана мектептердин биринде кызамык ооруусу катталгандыктан убактылуу жабылып, тийиштүү аракет көрүлгөндөн кийин кайрадан ачылды.

Каракол шаарында да бир мамлекеттик мектеп илдеттин айынан убактылуу жабылган. Ал эми Жалал-Абад шаарындагы эки мамлекеттик мектепте окуу онлайн уланууда.

Белгиленгендей, бейтаптардын баары тийиштүү эмдөөдөн өткөн эмес.

Тэги: кызамык саламаттык сактоо Карантин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу