Кыргызстанда маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынган

10.02.2022, 17:53 Акчабар
Кыргызстанда маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынган

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып өлкөдө маркаланбаган алкоголдук жана тамеки продукцияларын жүгүртүүгө тыюу салынган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык төлөөчүлөр 2021-жылдын 31-декабрына чейин маркаланбаган продукциянын калдыктарын маркалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө жөнүндө кодексине ылайык, колдонулган тийиштүү идентификациялоо каражаттарын кайра пайдалануу же товарларды ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүү, ошондой эле тийиштүү идентификациялоо каражаттарын колдонбостон товарларды сактоо жана сатуу – жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүчтүн, юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга алып келет”,- деп маалымдай салык кызматынан.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоо киргизилген, анда маркаланбаган продукцияны өндүрүүгө жана импорттоого тыюу салуу каралган

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу