Кыргызстанда ооруканага жатпай дарылануу 20,8%га кымбаттады

18.10.2023, 12:16 Акчабар
Кыргызстанда ооруканага жатпай дарылануу 20,8%га кымбаттады

Жыл башынан бери калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери жалпысынан 6,2%га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин баяндамасында айтылат. 

Ага ылайык, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 20,8%га өстү. Буга үйдөн, же ооруканага жатпай дарылануу, тийиштүү дарыгерден кеңеш алуу, диагноз коюу кызматтары кирет. 

Ошондой эле, чач тарач кызматтарына баалар 13,8%га жана тигүү кызматына 12% өскөн. 

Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы салыштырмалуу түрдө туруктуу. Ал 1%га өскөн. 

Тэги: амбулатордук дарылануу үйдөн дарылануу диагноз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу