Кыргызстанда орточо маяна 33 миң 664 сомду түздү

26.03.2024, 12:00 Акчабар
Кыргызстанда орточо маяна 33 миң 664 сомду түздү

2024-жылдын январь айында орточо эмгек акы 33 миң 664 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статискалык комитет билдирет. 

Эмгек маяна 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,7 пайызга көбөйдү, ал эми баалардын кымбатташын эске алганда 6,4 пайызга өскөн. 

Эң жогорку айлык Бишкек шаарында. Ордо калаанын менчик компанияларынын кызматкерлеринин орточо маянасы – 44 миң 462 сом, ал эми бюджеттик сферадагылар 34 миң 251 сом алышат.

Ош облусунда эң аз төлөнөт. Бул аймактагы менчик ишканаларда айлык  28 миң 879 сом, мамлекеттик органдарда орточо 23 миң 818.

Жыл башында дээрлик бардык тармактар айлык акыны көбөйткөн, айрыкча соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (58,3 пайыз), башка тейлөө ишмердиги (44,0 пайыз), кыймылсыз мүлк операциялары (35,4 пайыз), курулуш (28,5 пайыз) жаатында өстү.

Тэги: орточо эмгек акы маяна жеке менчик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу