Кыргызстанда уй жана кой эти кымбаттады

20.02.2020, 12:00 Акчабар
Кыргызстанда уй жана кой эти кымбаттады

2020-жылдын 18-февралында ушул эле жылдын январь айына салыштырмалуу республика боюнча уйдун этине болгон баа 0,6 пайызга (2,13 сомго), койдун этине болгон баа 2,7 пайызга (2,13 сомго) жогорулады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети кабарлады.

Муну менен, уй эти баардыгынан Кербенде (14,88 сомго), Токтогулда (14,46 сомго), жана Балыкчыда (11,52 сомго) жогорулаган, ал эми кой эти Токтогулда (16,61 сомго(, Токмокто (14,88 сомго), Кербенде (14,88 сомго) жана Бишкекте (11,12 сомго) өскөн.

Уй этине болгон максималдуу орточо керектөөчү баалар Кара-Сууда (килограммы үчүн 358,47 сом), Бишкекте (килограммы үчүн 356,39 сом), Ошто (килограммы үчүн 352,47 сом) жана Жалал-Абадда (килограммы үчүн 353,42 сом) байкалган. Ал эми кой этине болгон максималдуу чекене баалар Кара-Сууда (358,31 сом), Ошто (354,96сом) жана Жалал-Абадда (килограммы үчүн (354,13 сом) байкалган.

Уй этине болгон минималдуу баалар Таласта (килограммы үчүн 305,26 сом), Кара-Балтада (316,63 сом) жана Покровка айылында (килограммы үчүн 300 сом). Кой этине болгон эң аз баалар Караколдо (килограммы үчүн 277,26 сом), Бишкекте (килограммы үчүн 307,53 сом), Токмокто (килограммы үчүн (килограммы үчүн 309,84 сом) жана Покровка айылында байкалган (килограммы үчүн 300 сом).

Эске сала кетсек, 2019-жылдын октябрь айына салыштырмалуу уй этинин баасы 0,6 пайызга же килограммы үчүн 1,96 сомго жогорулаган.

Тэги: эт баа өсүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу