Кыргызстанда уруксат берүүчү маалымат порталы иштелип чыгып, ишке кирди (http://www.elicense.gov.kg/). Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Портал мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишкердик жүргүзүү үчүн зарыл болгон уруксат документтери жөнүндө толук маалыматты электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында ишке киргизилген.
Аталган портал төмөнкү максатта түзүдү:
- КРнын ишкердик жүргүзүүгө берилген уруксат документтерин толук тизмесин түзүү;
- лицензия жана уруксат берүү тутумун автоматташтыруу үчүн негиз түзүү;
- бизнестин (колдонуучулардын) убакыт чыгымдарын кыскартуу, актуалдуу маалыматты алуу.
- Учурда Экономика министрлиги киргизилген маалыматтардын тууралыгын жана аныктыгын көзөмөлдөп, Бирдиктүү электрондук реестрдеги маалыматтарды тактоодо.
- Кийинки этап – ишмердиктин бардык түрлөрү боюнча лицензияларды жана уруксаттарды электрондук форматта берүүнү автоматташтырууну киргизүү.
- Учурда бул порталда беш уруксат алуу үчүн онлайн арыздын версиялары даярдалган.