Кыргызстанда жалпы студенттердин 35%дан ашыгын чет өлкөлүк студенттер түздү

15.02.2022, 15:28 Акчабар
Кыргызстанда жалпы студенттердин 35%дан ашыгын чет өлкөлүк студенттер түздү

2021/2022- окуу жылынын башталышына карата  республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында 83 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер билим алышты, же  жалпы студенттердин 35 пайыздан ашыгын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Басымдуу бөлүгү - 59 миңден ашык адам, же 71% КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер, алардын саны беш жыл аралыгында 7,7 эсеге көбөйгөн. Муну менен бирге  Өзбекистандан келген студенттердин саны кыйла өстү, окуп жаткандардын жалпы санынын үлүшү 5 жыл аралыгында 11% дан  90%  чейин көбөйгөн.

Ошол эле убакта  2017/2018- окуу жылынын башталышына салыштырмалуу Казакстандан келген студенттердин үлүшү  тескерисинче, 43% дан 3% чейин төмөндөгөн.

КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттердин саны 

(окуу жылынын башталышына карата, пайыз менен) 

2017/2018                                                                                                                                                                              2021/2022 

                         

Окуп жаткандардын санынын өсүү тенденциясы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин арасында да байкалууда, алардын үлүшү өткөн беш жылда 6 миңден 19 миң адамга же 3 эсеге көбөйдү. Муну менен бирге  Индиядан келген студенттердин үлүшү бул мезгил ичинде 73% дан 63% чейин төмөндөгөн  болсо, ал эми  Пакистандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче  6% дан 31% чейин көбөйгөн.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин саны

    (окуу жылынын башталышына карата, пайыз менен)

 2017/2018                                                                                                                                                                        2021/2022                                                                            

                           

Тэги: Индиядан келген студенттер Пакистандан келген студенттер Жогорку окуу жайлар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу