Кыргызстанда «кайра иштетүү» боюнча элдин маалымдуулугу төмөн

05.05.2023, 13:44 Акчабар
Кыргызстанда «кайра иштетүү» боюнча элдин маалымдуулугу төмөн

Өлкөдө “жашыл экономика” (80%) жана “энергетикалык натыйжалуулук” (64%) боюнча маалыматтар басма сөз каражаттарында тез-тез жарыялангандыктан, бул багытта маалымдуулук жогорураак. Антсе да бул темаларда терең маалымат берилбейт. Бул тууралуу ПРООНдун 2022-жылга карата “Кыргызстандагы жашыл каржы рыногун баалоо” аттуу изилдөөсүндө баяндалат.

Аталган изилдөөгө катышкандардын "жашыл каржылоо" боюнча маалымдуулугу - 40%, "өнүмдөр жана жашыл каржы кызматтары" - 27% жана "калдыктарды кайра иштетүү" - 36% деңгээлинде болгон. 

“Жашыл каржылоо” менен байланышкан принциптерди жана ыкмаларды түшүндүрүүгө багытталган агартуу жана билим берүү иш-чараларына абдан муктаждык бар”, - деп айтылат маалыматта. 

Изилдөө Кыргызстандын каржы рыногунда жашыл каржылоо темасын алдыга жылдырууга бирдиктүү жол-жобо жок экенин көрсөткөн. 

"Каржы рыногу жашыл каржылоо боюнча түшүнүктөрдү түзүү жана сунуштарды иштеп чыгуунун баштапкы этабында", - деп белгиленет изилдөөдө.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу