Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү. Талкуунун негизги темаларынын бири соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү болду.
Тараптар соода үйлөрүн ачуу, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү үчүн биргелешкен ишканаларды түзүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана рынокторго өз ара жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле, уставдык капиталын 200 млн долларга чейин көбөйтүү пландалып жаткан кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү талкууланды.