Быйылкы жылдын 1-майына карата өлкөдө мал чарба өнүмдөрүнөн тирүү салмакта 122 миң тонна эт өндүрүлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мал чарба жана ветеринария департаментинин маалыматы боюнча, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1590 тоннага же 1,3%га көп.