Кыргызстандагы үч ири долбоорго мамлекеттик маанидеги макам берилди.
Өкмөттөн маалым болгондой, тизмеге Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу, “Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу" жана “Кемин-Торугарт" – 500 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысынын курулушу кирет.
Ага ылайык, жогорудагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыктар компаниялар кошумча нарк салыгынан, сатуу, киреше салыгынан белгилүү мөөнөткө бошотулат.