Ушул жылдын март айында жеке жактар Кыргызстандан башка өлкөлөргө 42,2 млн. доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Акча которуулардын негизги бөлүгү, 36,6 млн доллар Россияга которулган. Бул жалпы акчанын 86,7%ын түзөт. Ондон бир бөлүгү (4,4 млн. доллар) Түркияга, калган 2,8%ы башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн.
Былтыр март айына салыштырмалуу акча агымы 19,2%га өскөн. Былтыр Кыргызстандан тез которуу системасы аркылуу 35,4 млн. доллар жөнөтүлгөн.
Быйыл үч айда өлкөдөн акча которуулардын көлөмү 149,6 млн. долларды түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге көп.