Кыргызстандыктар дүйнөнүн 33 өлкөсүндө эмгектенет

02.02.2024, 16:30 Акчабар
Кыргызстандыктар дүйнөнүн 33 өлкөсүндө эмгектенет

Соңку мезгилде кыргызстандыктардын миграциялык агымы өзгөрө баштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө биздин мекендештер дүйнөнүн 33 өлкөсүндө – Орусияда, Казакстанда, Түркияда, АКШда, БАЭде, Түштүк Кореяда, Италияда, Австрияда, Улуу Британияда эмгектенип, иштөөдө. 

“Биз Орусияга баргандардын азайгандыгын көрүп жатабыз, учурда ал жакта 408 миң адам бар. Казакстанда 65 миң, Түркияда 60 миңге чейин, АКШда 36 миң, Австрияда 10 миң, Италияда 5 миң, Венгрияда 3 миң, Францияда 1,5 миң адам жашайт”, – деди ал. 

Тэги: эмгек миграциясы кыргызстандыктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу