Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы болжолдуу 8 млрд сомго өстү

30.10.2020, 10:29 Акчабар
Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы болжолдуу 8 млрд сомго өстү

2020-жылы Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы 7 миллиард 949,1 миллион сомго көбөйүп, 35 миллиард 641,4 миллион сом көлөмүндө күтүлүүдө. Бул тууралуу финансы министри Кыялбек Мукашев 29-октябрдагы Өкмөттүн жыйынындагы отчетунда билдирди.

Республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 137 миллиард 131,4 миллион сом суммасында күтүлүп, 2020-жылдын баштапкы такталган бюджетинин кирешелерине салыштырмалуу 1 миллиард 784,6 миллион сомго көбөйгөн. Өз кезегинде чыгашалар 9 миллиард 733,7 миллион сомго көбөйүү менен 172 миллиард 772,8 миллион сом көлөмүндө күтүлүүдө.

Мукашев белгилегендей, бажы жана салык жыйымдарындагы бюджеттик ири жоготууларга карабастан, учурда бюджеттин аткарылышынын ички булактарын издөө иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда, социалдык милдеттенмелер боюнча чыгымдар пенсияларды, жөлөкпулдарды жана эмгек акыларды кошкондо кечиктирилбестен төлөнөт.

Тэги: Кыялбек Мукашев, бюжеттин тартыш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу