Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,4 млрд долларды түздү

26.02.2022, 12:44 Акчабар
Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,4 млрд долларды түздү

Өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,4 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын январь-декабрында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 3,4 млрд долларды түздү. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 40,5%га өскөн.

"Өткөн жылы республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга – 66,7% жана Казакстанга – 30,9% туура келген", - деди ал.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу