Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Эсеп палатасы жөнүндө” Конституциялык мыйзам долбоорун карап, ал үчүнчү окууда колдоо тапты.
Мыйзам долбоору Кыргызстандын Конституциясынын 108 жана 110-беренелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Мыйзамдын 108-беренесине ылайык, Эсеп палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюджеттен тышкаркы каражаттардын аткарылышын, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышын текшерет.
Ошол эле учурда, Конституциянын 110-беренесине ылайык, ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын ишин уюштуруу жана тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери конституциялык мыйзамдар менен аныкталат.