Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 6 млрд долларга жетти

16.11.2023, 12:17 Акчабар
Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 6 млрд долларга жетти

Сентябрдын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 987,01 млн долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Жыл ичинде мамлекеттик карыз 769 млн 130 миң долларга өскөн. Бул көп тараптуу жеңилдетилген насыялардын 379 млн 350 миң долларга жана ички карыздын 445 млн 160 миң долларга көбөйүшүнө байланыштуу.

Көп тараптуу кредиторлордун ичинен Кыргызстан тогуз айда Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан эң көп карыз алган, ал 94 млн 210 миң долларды түзөт. Ошондой эле, Эл аралык валюта фондунан 88 млн 440 миң доллар жана Азия өнүкктүрүү банкынан 83 млн 850 миң доллар алган.

Мында республиканын эки тараптуу жеңилдетилген кредиттер боюнча карызы 59 млн 950 миң долларга кыскарган. Буга Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына 51,8 млн доллар, Жапония эл аралык кызматташтык агенттигине 12 млн 370 миң доллар, Түркия өкмөтүнө 7 млн 840 миң доллар милдеттенмелердин кайтарылышы себеп болгон.

Ошол эле учурда жеке кредиторлорго, мисалы, Франция банкына, KfW банкына, Түштүк Кореянын экспорттук-импорттук банкына жана башкаларга карыздар көбөйдү.

 

Тэги: Мамлекеттик карыз Акча

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу