Кыргызстандын товарлары Каспий деңизи аркылуу Россияга экспорттолот

20.01.2023, 10:26 Акчабар
Кыргызстандын товарлары Каспий деңизи аркылуу Россияга экспорттолот

Ушул аптанын 17-январында Астрахань шаарында Кыргызстан, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкмөт жана бизнес өкүлдөрү Каспий деңизинин порттору аркылуу мультимодалдык жүк ташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз делегациясынын мүчөлөрү Астрахань облусундагы  “Астрахань деңиз порту”, “Астрахань порту”, “Армада” портторунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

"Кыргыз тарап бул каттам боюнча агымды 150-200 унаага чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү менен суткалык 40 унаа агымын камсыздоого даяр. Бирок бул үчүн паромдордогу, тактап айтканда, үзгүлтүксүз каттамдар үчүн алардын жеткиликтүүлүгү боюнча маселелерди чечүү зарыл. Кыргызстандын Жүк ташуучулар Ассоциациясынын өкүлдөрү паромдорду ижарага берүү боюнча оператор катары чыга аларын айтышты, буга байланыштуу жакынкы арада Транспорт жана коммуникациялар министрлиги паромдорду ижарага алуу шарттары боюнча Астрахань областынын өкмөтүнө расмий суроо-талап жөнөтөт",-деп айтылат маалыматта. 

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз делегациясы жана башка катышуучулар Каспий деңизинин портторун пайдалануу менен Кыргызстан- Өзбекстан-Түркмөнстан-Россия маршруту боюнча үзгүлтүксүз мультимодалдык жүк ташууларды уюштуруу боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашышты. Ошондой эле контейнердик жүк ташууну өнүктүрүү зарыл экенин белгилешти. 

Эскерте кетсек, бул жаңы каттам боюнча мультимодалдык жүк ташууну уюштуруу демилгесин кыргыз тарап көтөргөн. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу