Абанын булганышы жыл сайын Кыргызстандын экономикасына орточо эсеп менен 110 млн доллар чыгаша алып келет. Булгануунун эң негизги факторлорунун бири - көмүр, суутек майынын колдонулушу. Бул тууралуу Гринпистин отчетунда айтылат.
Эң көп чыгымдарды Кытай (900 млрд доллар) менен Индия (150 млрд доллар) тартат. Европада эң чоң жоготуулар Германияда (140 млрд доллар), Италияда (61 млрд доллар) жана Францияда (54 млрд доллар).
ЕАЭБ өлкөлөрү ичинен эң аз чыгымдар Кыргызстандыкы. Кирденүүдөн улам корогон каражаттар Арменияда 370 млн доллар, Казакстанда 2,8 млрд доллар, Беларуста 3,2 млрд доллар жана Орусияда 68 млрд долларды түзөт.
Зыянды баалоодо «Гринпис» кирденүүнүн кесепеттеринен пайда болгон ооруларды дарылоого коротулган каражаттар менен эгерде кызматкерлер оорубаганда канча киреше болмок деген каражаттардын өлчөмүн эсептеген.