Кыргызстанга Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнь күндөрү расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапардын алкагында Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер президент Садыр Жапаров менен жолугат.
"Мамлекет башчылары кыргыз-немис көп тармактуу кызматташуусун, достук жана өнөктөштүк маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат", - деди Муратбек Азымбакиев.