Ушул жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга ташылып келинген автоунаалардын импорту физикалык түрдө 4,4 эсеге көбөйдү. Тактап айтканда Кыргызстанга 30 871 автоунаа алынып келинген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, нарк жагынан алганда, жеткирүүлөр 6,6 эсеге өсүп, 323 млн. долларга жеткен.
Орто эсеп менен 1 жеңил унаанын импорттук баасы 7 миң доллардан 10 миң 500 долларга чейин өскөн.
Жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар төмөнкү өлкөлөрдөн алынып келинген:
Жалпысынан автоунаалар 40 өлкөдөн алынып келинген.