«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасына 1,1 млрд сом бөлүндү

15.06.2023, 17:08 Акчабар
«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасына 1,1 млрд сом бөлүндү

Быйыл республикалык бюджеттен “Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,6 млрд. сом каралган.

Бул чыгашалар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу “Кыргызжылуулукэнерго” жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн каралган. 15-июнга карата бекитилген сумманын 1,1 млрд. сому каржыланып, 70,5%ын түздү.

“Эгерде 2022-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча “Кыргызжылуулукэнерго» ишканасына 760 млн. сом бөлүнгөн болсо, 2023-жылдын 5 айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 347 млн. сомго көп каржыланган”, - деп белгиледи Каржы министрлиги. 

 

Тэги: новости Кыргызстана ГП Кыргызтеплоэнерго бюджет деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу