Кытайга мусулман-уйгурларды мажбурлоо менен иштетип жатат деген айып тагылды

03.03.2020, 14:10 Акчабар
Кытайга мусулман-уйгурларды мажбурлоо менен иштетип жатат деген айып тагылды

Кытай бийлиги миңдеген мусулман-уйгурларды мажбурлоо менен иштетип жатат. Бул тууралуу Австралиянын стратегиялык саясат институнун докладына таянуу менен BBC басылмасы жазып чыкты.  Эксперттердин маалыматы боюнча,  миңдеген уйгурлар менен башка мусулман азчылыктарынын өкүлдөрү көптөгөн дүйнөлүк бренддердин жөнөтүүчүсү болуп саналган фабрикаларда иштеп жатышат. 

Институттун эксперттеринин баамында, 2017-2019-жылдар аралыгында 80 миңден ашуун уйгурлар фабрикаларда иштөө үчүн Синцзян-Уйгур автономдук районунан сырткары эркине каршы жайгаштырылган.

Институттун маалыматы боюнча, уйгурлар Кытайдын тогуз провинциясында 2017-жылдан бери Синдзян-Уйгур автономиялык районунда мажбурлоо менен 27 фабрикада иштеп келишет. Уйгурлар иштеп жаткан фабрикалар 83 дүйнөлүк брендине продукция жөнөтөт, алардын ичинде Nike, Zara, Adidas, H&M, Uniqlo, Victorias’s Secret, BMV менен Land Rover, Lenovo, LG, Dell, ASUS, Acer, Samsung, Apple   жана көптөгөн башкалар бар.

Кытай бийлиги бул маалыматты четке кагууда

Докладда айтылгандай, автономдук райондун жашоочуларын мажбурлап көчүрүү Xinjiang Aid мамлекеттик агенттиги аркылуу жүргүзүлгөн.

Эксперттердин айтуусунда, мындай мажбурлап иштетүү контрагына кол коюудан баш тартуу өтө оор болот: жумуштан баш тартуунун артынан кармоо, эч кандай айыпсыз эле узак мөөнөткө камакка алынуу болот. Ошондой эле докладда автономдук райондун бийлиги аткаминерлерге «ар бир баш үчүн» тагыраак айтканда, фабрикага жумушка жөнөтүлүп жаткан ар бир адам үчүн жеке брокерлерге  каражат төлөй тургандыгы айтылат.

Докладда фабрикалардагы уйгурлар абактагындай эле шарттарда тургандыгы дагы айтылат.

Жумушчулар жатаканаларда жашап, ал эми жумуштан кийин батыш кытай тилин (мандарин) жана «идологиялык даярдык» боюнча сабактарына барууга мажбур.  Андан сырткары, алар такай көзөмөл алдында, аларга өзүнүн диний көз караштарын билдирүүгө тыюу салынган.

«Кайра тарбиялоо борборлору»

Декабрь айында Кытай бийлиги уйгурлар менен башка этникалык азчылыктардын өкүлдөрү кармалган «кесиптик даярдоо борборлору» тууралуу кырдаалга пикир берген. Бийликтин айтымында, аталган борборлордо диний экстремисттер «кайра тарбиялоо» максатында кармалат.

Расмий Пекин Синдзян-Уйгур автономиялык районунун жумушчу күчтөрүн дүйнөлүк бренддеринин продукциясын чыгарууга колдонуп жаткандыгын четке кагууда. Кытай ММКлары «кесипкөй даярдык» борборлоруна катышуу ыктыярдуу негизде гана жүргүзүлүп жаткандыгын жазып чыгышты.

Синдзян-Уйгур автономдук районунда массалык кармоолор жана кармалгандардын кармоо шарттары тууралуу алгачкы материалдар 2018-жылы пайда боло баштаган.

Укук коргоочулардын маалыматтары боюнча, Кытайдын аймагындагы «кармалгандар үчүн» лагерлеринде 1 миллионго жакын мусулман-уйгурлар кармалган. Өлкө бийлиги алар диний экстремизмге каршы күрөшүү максатында негизделген деп айтышууда.

Бирок көпчүлүк адамдар диний экстремизм үчүн эмес, өз динин туткандыгы үчүн кармалгандыгын тастыктаган күбөлүктөр бар. Аялдар хиджаб кийгендиги үчүн кармалган.  Кээ бир жашоочулар «чет жакта байланышы болгондугу үчүн» кармалган – мисалы, калкынын көпчүлүгү мусулман динин туткан коңшу Түркия менен.

Негизинен уйгурлар кармалган лагерлер тууралуу маалыматтар ММК булактарына жайыла баштаганда, Кытай эл аралык коомчулук тарабынан катуу сынга алынган.

Австралиянын стратегиялык саясат институтунун (ASPI) докладына ылайык, Кытай бийлиги кармалгандардын фабрикаларда мажбурлап иштетүүнү «уйгурларды кайра тарбиялоо» иретинде көрөт.

 

«Биздин докладдын маалыматтары Синдзян-Уйгур автономиялык районундагы уйгурлардын жана башка этникалык азчылыктардын өкүлдөрүн мажбурлап иштетилиши калкты экономикалык эксплуатациялоо экендигинен даана маалымат берет»,-деп билдирди Би-би-сиге докладдын авторлорунун бири Натан Русер.

 

Эксперттердин айтымында, эл аралык кытайлык ишканалары өздөрү билбестен адам укуктарын бузууга тийиш болуп калышкан. Эксперттер Кытайдагы жөнөтүүчү ишканаларды адам укуктарын сактоого ыкчам түрдө текшерүү жүргүзүүгө чакырды.

Америкалык Washington Post гезитинин журналисттери изилдөөдө көрсөтүлгөн фабрикалардын бирине барып келишкен, аталган фабрика Nike фирмасынын спорттук бут кийимин чыгарат.

Журналисттердин айтымында, Лайси шаарындагы фабрика  түрмөгө көбүрөөк окшош, анын периметри боюнча  сайуучу зым тартылган, кароол мунаралары жана көптөгөн көзөмөл камералары менен полиция посту бар.

 

«Биз бул жерде (фабриканын аймагында) сейилдей алабыз, бирок биз Синдзянга өз алдынча кайтып кете албайбыз»,-деп айтып берди Washington Post гезитинин журналисттерине фабриканын кызматкерлеринин бири.

 

Washington Post гезитинин сурагына жооп берип жатып, Nike ишканасы эл аралык эмгек стандарттарын дыкат сактарын жана адамдарды мажбурлап иштетүүгө караманча каршы экендигин билдирген.

Apple ишканасы дагы дал ушундай жооп кайтарган, ал эми Dell докладдагы маалыматтарды изилдеп чыгарын билдирген.

    

Тэги: Кытай Синдзян-Уйгур автономиялык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу