Кытайда алдыңкы 10 жылда пенсионерлердин саны 300 миллионго жетет

03.04.2024, 12:27 Акчабар
Кытайда алдыңкы 10 жылда пенсионерлердин саны 300 миллионго жетет

Кытайда жакынкы он жылда 50 жаштан 60 жашка чейинки 300 миллионго жакын адам эмгекке жарамдуулугун жоготот. Бул өлкөнүн эң чоң курактык тобу, өлчөмү боюнча Америка Кошмо Штаттарынын калкына дээрлик барабар. Бул тууралуу BBC World Service жазды

Бул өлкөдө жаштар жакшы жумуш издеп, ата-энелерин таштап чоң шаарларга кетүүдө. Ал эми улгайгандардын саны көбөйүп, алар өздөрүн багып же мамлекеттик жөлөк пулдарга таянып күн кечирүүдө. 

Кытайдын Илимдер академиясы Пенсиялык фонд 2035-жылга чейин түгөнүшү мүмкүн экендигин белгилеген. Бул эсептөө 2019-жылы, пандемия Кытайдын экономикасына олуттуу сокку урганга чейин жасалган. 

Кытай дагы көптөн бери талкууланып келе жаткан пенсия курагын көтөрүүгө аргасыз болушу мүмкүн. Өлкө дүйнөдөгү эң төмөнкү пенсия курагынын бири – эркектер 60,  кара жумушта иштебеген аялдар 55 (white-collar workers) жана кара жумушта иштеген аялдар 50 жашта (blue-collar workers) пенсияга чыгышат. 

Басаңдаган экономика, мамлекеттик жөлөк пулдардын кыскарышы жана ондогон жылдар бою уланып келе жаткан бир бала саясаты Кытайды демографиялык кризиске алып келди. 

Тэги: Кытай пенсия демография эмгекке жарамдуулук жумушчу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу