29-апрелде Улуттук банк Башкармасы эсептик ченди 11%га чейин төмөндөттү.
Чечим бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.
Кыргызстанда инфляциялык процесстердин алсырашы уланууда.
“Инфляциянын түзүмүндө азык-түлүк тобу боюнча баанын өсүшүнүн басаңдашы байкалууда. Өлкөдө жогорку экономикалык жигердүүлүк байкалууда”, - деп белгиледи Улуттук банк.