Кытайда экономикалык кылмыш кылган бозгундарды кармоо өнөктүгү жүрүүдө

25.04.2024, 13:00 Акчабар
Кытайда экономикалык кылмыш кылган бозгундарды кармоо өнөктүгү жүрүүдө

Кытайда чет өлкөгө качып кеткен экономикалык кылмыштарга шектелген адамдарды издөө жана кармоо үчүн “Түлкүлөргө аңчылык 2024” кампаниясы башталды. Бул тууралуу кытайлык “Синьхуа” маалымат агенттиги жазды. 

Кампаниянын алкагында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, ошондой эле улуттук коопсуздукту жана социалдык туруктуулукту камсыздоо күтүлүүдө.

Жыл сайын өтүүчү бул операция Кытайдын коррупция менен күрөшүү жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу аракеттеринин маанилүү бөлүгү.

Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги 2014-жылдан бери "аңчылыктын" алкагында кытай полициясы дүйнөнүн 120 өлкөсүндө жана аймагында 9 миңден ашуун соттук териштирүүдө качкандарды кармаган. 

"Синьхуа" маалымат агенттиги Кытай арам акчаны адалдоого каршы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун карай баштаганын билдирди. Документ кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөштү көзөмөлдөөнү жана башкарууну күчөтөт жана бул күрөшкө тартылган финансылык эмес институттардын чөйрөсүн тактайт. 

 

Тэги: Кытай Экономикалык кылмыш бозгун

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу