Казакстандын Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстандагы казак инвесторлоруна таандык бир катар ишканаларга карата басып алуу аракеттери болуп жаткандыгына олуттуу тынчсызданууларын билдиришти. Бул тууралуу аталган ведомствонун расмий сайтында маалымдалат.
«Казакстандын жарандарына карата кол салуу жана мүлктү талап-тоноо, басып алуу аракеттерине өзгөчө тынчсызданып жатабыз. Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы казакстандык инвесторлорр тарабынан дээрлик 1 млрд долларга каржыланган», — деп малымдалат билдирүүдө.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тарапка, казакстандык компанияларда эмгектенген казак жарандарынын коопсуздугун сактоого чакырды.