Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу БШК билдирди.
БШКнын талабына ылайык, 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсү 30-апрель, саат 18:00гө чейин төлөнүшү керек болчу. Ага ылайык, төлөм квитанциясын 34 арыз берүүчү тапшырган.
Буга чейин мандат үчүн беш талапкер – Эркин Бөлөкбаев, Максат Кунакунов, Карачач Исмаилова, Нурлан Сакиев жана Данияр Тербишалиев катталган. Борбордук шайлоо комиссиясы 30-апрель күнү саат 18.00гө чейин күрөө киргизбегендер автоматтык түрдө жарыштан четтетилерин эскертти. Үгүт иштери 8-майда башталат.
Добуш берүү 28-майда болот. Ленин району боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо 11-июнга чейин жүрөт.
Эске салсак, 27-мартта Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыргандан кийин бул орун бош калган. Буга 12-мартка караган түнү Бишкекте "Золотой Дракон" ресторанынын жанында орун алган азыркы экс-эл депутатынын массалык мушташы себеп болгон. Абиров тарабынан катуу сабалган Мамлекеттик тергөө бюросунун кызматкеринин мурдагы депутатка дооматы жок, тараптар элдешти.