Учуучу автомобиль- бул чындык

06.03.2019, 11:00 Акчабар
Учуучу автомобиль- бул чындык

 Учуучу жеке автомобилдер жакында  кадыресе көрүнүш болуп калат. Frost & Sullivan жеке консалтинг компаниясынын (Future of Flying Cars, 2017-2035) божомолунда, 2025-жылы 15 ишкана жеке учуучу автомобиль аппараттарын чыгарып баштайт. 2050-жылы коммерциялык багытта жүргүнчүлөрдү ташуу  кеңири кулачын жаят. Келечекке болгон божомол тууралуу орустардын «Вести.Экономика» сайты жазып чыкты.

Учуучу автомобилдерди өнүктүрүүгө атайын багыттагы  (AeroMobil, PAL-V, Terrafugia) компанияларынын келиши эмес, (Uber, Airbus, Google) ири технологиялык корпорациялардын иштеп чыгуулары түрткү болууда.

 Акыркы төрт жылдын ичинде сегиз компания өз үлгүлөрун тестик режимде учуруп көрүшү, бул рыноктун тездик менен өнүгүп жатканын кабарлайт.

Дүйнөдөгү ири компаниялар өз алдынча учуучу автомобиль чыгаруу менен алек. Мисалы  Google негиздөөчүсү Ларри Пейдж  жакында  $100 млн  каражатын стартапка (Kitty Hawk менен Zee.Aero) берди. Бул компаниялар АКШ коргоо министрлигине караштуу  (DARPA)  компаниялары менен биргеликте, учуучу автомобиль-трансформерди  жасап чыгуунун үстүндө иштеп  жатышат. 

Ушул эле учурда голландиялык PAL-V  биринчилерден болуп учуучу моделдерин сатууга жетишти. Алардын транспорту жерде да, аба да жүрө алат. 2019-жылы  премиум-моделдеги Liberty Pioneer чыгып,  анын тиражы чектелип, болгону которая 90 даанасы чыгарылса, бир жылдан кийин Liberty Sport массалык чыгарыла баштайт. Азырынча, 45 даана PAL-V Liberty  түндүк америка жана 25 даанасы европа рыногуна чыгуусу каралган. 

Учурда бул автомобилдердин рыноктогу баасы $600 миң жана $400 миң. Бул болжонгон бааларга $200-600 миң ылайык болууда.

Тэги: авто Frost & Sullivan

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу