«РСК Банк» Баткен облусуна жеңилдетилген насыя берет

08.07.2022, 10:24 Акчабар
«РСК Банк» Баткен облусуна жеңилдетилген насыя берет

Баткен облусун өнүктүрүү жана калкка мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында“РСК Банк” ААК 2022-жылдын 5-июлунан тартып“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорун ишке ашырууну баштады.

Долбоордун алкагында 2022-жылы банк Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдарга, чакан жана орто бизнеске айыл чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү үчүн, өнөр жай, туризм, транспорт , экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча кампалары, инновациялар (жаңы ишканаларды же бизнестин жаңы багыттарын түзүү), коргоочу медициналык жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү жана маалыматтык технологиялар боюнча жеңилдетилген пайыздык чен менен насыя берет.

Максаттуу тармак айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, соода-логистикалык борборлор жана жашылча кампалары, өнөр жай, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, инновациялар, туризм, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялар, коргоочу медициналык жабдууларды өндүрүү жана жеке коргонуу каражаттары.

Бардык суроолор боюнча (0571) 05 05 81, (0770) 60 23 30, (0771) 23 24 86 телефондоруна кайрылсаңыздар болот. www.rsk.kg

Тэги: РСК Банк Баткенская область льготное кредитование

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу