Президент Садыр Жапаров “Акылман” президенттик лицейи тууралуу жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, иштеп жаткан лицей Билим берүү министрлигинин карамагынан чыгарылып, эми түз президентке баш ийет.
Ошол эле учурда лицей толугу менен Президенттик фонддун эсебинен каржыланат.
“Акылмандын” жогорку башкаруу органы камкорчулар кеңеши болоору, төрага Садыр Жапаров өзү экени белгиленген.