Өлкөдө 13,2 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду

16.11.2023, 12:40 Акчабар
Өлкөдө 13,2 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду

Кыргызстанда 13,2 миң гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду.  Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тамчылатып жана жаадырып сугаруу системасын өнүктүрүү максатында жыл сайын министрлик жана мамлекет тарабынан “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин каржылоо”, “Гос лизинг” долбоорлору аркылуу жеңилдетилген насыялар берилип келет. 

“2011-жылдан бери Евразия өнүктүрүү банкы мамлекеттик лизингдик долбоорлор катары “Айыл Банк” ААК аркылуу лизинг  берүүдө. Бул долбоорлорго кластердик ассоциациялар менен 7 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө жылдык үстөк пайызы 6-9% менен кызматташуу механизмдери жана жеңилдетилген шартта айыл чарбасы үчүн заманбап техникаларды, технологиялык жабдууларды жана жабдууларды лизингге берүү каралган", - деп айтылат маалыматта. 

Тамчылатып сугаруу системасы колдонулган жалпы жер аянты 13 миң 223 гектарга жетти. Бардыгы болуп облустар боюнча тамчылатып сугаруу системасы Чүй облусунда 9 миң 490 гектар, Ысык-Көл облусунда 1678 гектар, Нарында 142 гектар, Таласта 25 гектар, Ош облусунда 452 гектар, Баткенде 566 гектар, Жалал-Абадда 870 гектар аянтка орнотулган. 

 

Тэги: тамчылатып сугаруу жер аянты айыл чарба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу