Өлкөдө 15-марттан тарта «Дүйнөлүк акча жумалыгы — 2023» башталат

02.03.2023, 10:36 Акчабар
Өлкөдө 15-марттан тарта «Дүйнөлүк акча жумалыгы — 2023» башталат

Кыргызстанда 15-марттан тарта “Дүйнөлүк акча жумалыгы — 2023” (Global Money Week) башталат. Бул тууралуу Кепилдик фондунун басма сөз кызматы билдирди. 

Өнөктүк масштабдуу түрдө маалыматтык агартуу максатында “Акчаңды пландаштыр, келечегиңе кам көр” деген ураан менен өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт.

“Акциянын алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда: ачык эшиктер күндөрү, лекциялар, интерактивдүү оюндар, каржы институттарына экскурсиялар жана сынактар. Бул жылы иш-чаралардын бир бөлүгү кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата өткөрүлөт”, - деп айтылат маалыматта. 

Жыл сайын дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында жүздөн ашык өлкөдө төмөнкү максаттарда каржы сабаттуулугу боюнча иш-чаралар өткөрүлөт:

  • бардык балдардын жана жаштардын жогорку сапаттагы финансылык сабаттуулукка жетишин камсыздоо;
  • акчаны сактоо маданиятын калыптандыруу;
  • жарандарга финансылык чечимдерди кабыл алууда каржы туруктуулугун жана бакубаттуулугун жакшырта турган чечимдерди чыгаруулары үчүн акчанын баалуулугу жөнүндө маалымат берүү. 

Аталган иш-чаралар 25-мартта аяктайт. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу