Өлкөдө «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» ишке киргизилди

16.01.2024, 17:45 Акчабар
Өлкөдө «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» ишке киргизилди

Январдан баштап мамлекеттик башкаруу секторунда бирдиктүү эсеп планын колдонуу менен “Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп” автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке киргизилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Борборлоштурулган бухгалтердик эсепти киргизүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет: 

  • финансылык отчеттуулукту түзүү аркылуу бюджеттик мекеменин финансылык иши, мүлктүк абалы жөнүндө өз убагында маалымат берүүгө;  
  • негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин, дебитордук карыздын, кредитордук карыздын, кирешелердин жана чыгашалардын, кызматкерлердин чыгымдарынын жана эмгек акы фондунун эсебин киргизүүгө;  
  • бюджеттик мекемеде болгон активдердин сакталышын жана максаттуу пайдаланылышын эсепке алуу жол-жоболору аркылуу контролдоону жүзөгө ашырат;  
  • бухгалтердик эсепке ылайык бардык отчетторду түзүү;  
  • программада белгиленген бирдиктүү эрежелерге ылайык иш кагаздарын жүргүзүүгө;  
  • бухгалтердик жана бюджеттик эсепке тиешелүү суммалардын өз убагында, толуктугуна жана тууралыгына карата көзөмөл уюштурууга.  

Системага кирүү үчүн мамлекеттик сектордун бардык бюджеттик мекемелери Калкты тейлөө борборунан булуттук электрондук кол тамга алышы керек.

Эсептердин бирдиктүү планы (ЭБП) - бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторду жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн куралы болуп эсептелет. Иштелип чыккан ЭБП кассалык жана чегерүү ыкмаларын колдонуу менен чарбалык операцияларды эсепке алууга шарт түзөт.  

 

Тэги: Каржы министрлиги бухгалтердик эсеп мамлекеттик кызмат көрсөтүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу