Быйылкы жылдын I кварталына карата өлкө боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын саны 1 миң 305ке жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын ээлеген аянты 175,6 га. жерди түзөт.
Маалыматка ылайык, облустар боюнча алып караганда:
Чүй облусунда 98 даана (69,2 гектар);
Ысык-Көл облусунда 50 даана (2,4 гектар);
Нарын облусу боюнча 34 даана (13,9 гектар);
Талас облусунда 10 даана (1 гектар);
Ош облусу боюнча 348 даана (49 гектар);
Баткен облусу боюнча 161 даана (4,9 гектар);
Жалал-Абад облусу боюнча 604 даана (34, 4 гектар).